Башкы бетке Рубрикасы жок «ДССУ Кыргызстандын калкынын саламаттыгын жакшыртууга багытталган демилгелерге колдоо көрсөтүүгө даяр»

«ДССУ Кыргызстандын калкынын саламаттыгын жакшыртууга багытталган демилгелерге колдоо көрсөтүүгө даяр»

0
429

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа региондук комитетинин 74-сессиясынын алкагында орун алып, анда тараптар Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Тедрос Адханом Гебрейесус Кыргызстандын калкынын саламаттыгын жана бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган демилгелерин ишке ашырууда ДССУ мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Мурунку макалаБүгүн кыргызстандык үч балбан Дүйнө чемпионатынын килемине чыгат
Кийинки макалаКыргыз жөө күлүктөрү Казактанда өткөн марафондо 5 медаль утушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз