Башкы бетке Рубрикасы жок Кытайдын Кыргызстандагы элчиси дайындалды

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси дайындалды

0
19

Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпиндин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Асеин Исаев кытай элчисин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Лю Цзянпин колдоо жана жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү, эки өлкө лидерлеринин ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле кытай-кыргыз достугун жана ынак коңшулук мамилелерин бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү күн тартибинин актуалдуу маселелери, ошондой эле ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Мурунку макалаРамиз Алиевди опузалоого шектелген прокурордун орун басарына 1,8 млн сомго айып салынды
Кийинки макала“Ала-Арча” жаратылыш паркынын жылдык кирешеси 232 млн сом болду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз