Башкы бетке Рубрикасы жок Башкы прокуратуранын делегациясы иш сапары менен Латвияда болду

Башкы прокуратуранын делегациясы иш сапары менен Латвияда болду

0
433

Кыргызстандын башкы прокурорунун орун басары М.Бектурганов жетектеген делегация 22-24-октябрь аралыгында иш сапары менен Латвиянын Рига шаарында болду.

Прокуратурадан билдиришкендей, иш сапардын негизги максаты кылмыш-жазык иштери боюнча, анын ичинде уурдалган активдерди кайтарып алуу маселелери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жаатындагы кызматташтыкты активдештирүү жана бекемдөө болду.

Сапардын алкагында Латвиянын башкы прокурору, ошондой эле ИИМдин экономикалык полициясынын, Финансылык чалгындоо кызматынын, банк секторунун жана башка негизги ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү.

Аталган жолугушууларда мыйзамсыз алынган каражаттарды аныктоо, иликтөө жана кайтаруу боюнча биргелешкен аракеттерге байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсү козголуп, бул тармактарда эл аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Бул визит кызматташтыкты тереңдетүүгө жана өз ара кызыкчылык туудурган укуктук маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн бекем негиздерди түзүүгө өбөлгө болду.

Мурунку макалаБалыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолуна кар көчкү түштү
Кийинки макалаӨКМ Жумгалда жоголгон жарандарды табууга болгон күч-аракетин жумшайт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз