Алтын жаак, жез таңдай Үмөталы ырчы – акындардын акыны, ырчылардын ырчысы катары акындар поэзиясында алтын тамгалар менен жазылып калууга тийиш. Ал даңазалуу Эсенаман ырчынын кенжеси, атасынан артыла төрөлгөн акындарыбыздын бири.
Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусундагы ар кайсы жылдарда топтолгон маалыматтар боюнча, ал 1873-жылы туулуп, 1918-жылы 45 жашында Талас өрөөнүнүн көкүрөгүндөгү Кызыл-Коргон деген жерде дүйнөдөн кайткан. Үмөталыны көрүп, ырын угуп калган жердиги таластык Кадыркул Алыйманов Үмөталынын жашаган мезгили катарында 1876-1917-жылдардын аралыгын көрсөтөт («Кыргызстан маданияты» газетасы, №2(1250). 10-январь, 1991-ж.). Белгилүү фольклор жыйноочу Чынаалы Шакетаев акындын киндик кан тамган жери, өмүр жолу тууралуу карама-каршылыктуу, көбүнесе так эмес маалыматтарды калтырып кеткен. Анын маалыматы боюнча болочок акын Чүйдө төрөлүп, энеси төрөттөн өлүп, көп узабай атасы каза болуп, Үмөталы жашында жетим калып, аны Эсенамандын тууганы Карач Талас-ка көчүрүп кетет. Бул чындыкка дал келбейт.
Эсенаманды жана уул-кыздарын өз көздөрү менен көрүп калган аталаш туугандарынын, айылдаштарынын айтымында, Үмөталы 1875-жылы Таластын Сүттүү-Булак деген керемет жеринде жарык дүйнөгө келип, 1927-жылдары Кызыл-Коргондо каза болуп, сөөгү атасынын жанына коюлган.
Чоң атам Алымбеков Таштаналы: “Үмөталы узун бойлуу, нур жүздүү, сулуучымак, чап жаак, мурду орус ороктой иймекей келген, кокосу (кекиртегиндеги) адамдыкынан башкача уркуюп чыгып турган адам эле, – деп эскерчү экен. Акынды көрүп калгандардын айтымында, ал узун бойлуу, кең далылуу, чап жаак, бүркүт кабак адам болуптур. Ал сурданып турганда, тике караган адам анын күйүп турган көздөрүн тике карай албай жалтанып, көзүн ала каччу экен. Жайдары кезинде маңдайынан жылдызы жанып, көздөрү күлүп, оозун ачса жүрөгү көрүнчү дешет. Ырдаганда бүркүттөй шаңшып, торгойдой таңшып, балдай ширин сөзү, жагымдуу коңур үнү угарманды арбап, сыйкырлап алган касиети болгонун айтышат. Кыялы баладай келип, абдан эле ишенчээк болгон көрүнөт, анткен менен ачуусу келгенде арстандай айбаттуу, карышкырдай кайраттуу болгону да аңыз болуп айтылат.
Үмөталынын замандашы Карабаш Кудайберген: «Капырай, жаактуудан да ушундай ырчы чыгат экен го. Ырчылыгы бир тең да, көзгө айтып ырдаган өктөмдүгү бир тең. Көзүнө тиктегенден да айбыгасың. Түз, бетке чаап сүйлөйт. Мен го анын бетке чабарлыгын көтөрөйүн, башкалар көтөрөбү? Катуу кетпей, каптап ийбей, секин ырда десеңер кантет” дегени эл оозунда аңыз болуп айтылып калды.
Үзөңгүлөш досу Чолпонбай да: «Азыркылардан Үмөталыдай акын жок. Бирок, акындыгына жараша мүнөзү да чатагыраак. Кээде бир ачуусу келгенде, улуубу, кичүүбү, болушпу, томаякпы, анысына карабай, буркан-шаркан түшүп каптаганда, жанына адам чыдап тура албайт. Ошон үчүн анын ыйыгына тийип алгандан абайлагыла» деп кеңешин берчү экен.
Чолпонбай өзү да тегин адам болбоптур. Ошол падышалык Россиянын заманында Метрей аттуу көпөс кыргыздардын кызарган буюмун, семиз малын, күлүк атын тартып алып, зордук көрсөтө берчү экен. Күндөрдүн биринде баягы Метрей бир бечара кыргыздын шырдагын тартып алып жатканда Чолпонбай менен Үмөталы үстүнөн чыгып калат. Ачуусу келген Чолпонбай минген атын жулкунтуп жетип барып, колундагы камчысы менен Метрейди баштан ары эки-үч жолу чаап жиберет. Метрей шырдакты таштай, базар аралап качып жөнөйт. Чолпонбай улам кубалап, жеткен жерден камчысы менен улам уруп-согуп отурат. Ошондо базардагы эл ыраазы болуп, Чолпонбайды алкашат.
Ошондо Үмөталы ырчы:
Кыржыдан чыккан Чолпонбай,
Көзү жайнап чолпондой.
Көгүлтүр көлдүн ирими,
Көк ала тоонун сеңири.
Көзгө басар эр кылып,
Көрсөттү көзгө Теңири.
Куткарды элди азаптан,
Көрүнөө кылган мазактан.
Көтөрүп уруп тепкилеп,
Көзгө илбей элден алчу эле.
Көрсөттүң көзгө акесин,
Көпкөлөң тарткан неменин.
Көк жал баатыр экен деп,
Көрүп турган калайык,
Көтөрүп кетер сени эми, – деп курбалдашынын эрдигин ырга салган экен.
Үмөталы кыргыз менен казакты кыдырып, эл аралап, аш-тойлорго барганда, дайыма жанына Чолпонбай баштаган баатыр билек, сөзгө чечен, жөн билги, сыр билги 3-4 курбусун ээрчитип алчу дешет. Баары жүрүштүү, жол жорго аттардан минип, кундуз же суусар тебетей, окшош күрмө, кымкап чепкендерден кийип, өздөрүн мырзалардай алып жүрүшчү экен.
Үмөталынын торгой таңшык аталганы “Ак Зыйнат” баштаган далай керемет обондуу ырларды чыгарыптыр. Алтын жаак, жез таңдай төкмөнүн:
Акзыйнат
Көчкөндө миндиң кур атты,
Көркөмгө миндиң сур атты.
Көрөр бир күнүм бар бекен,
Көркөмдүү сулуу Зыйнатты.
Айылга миндиң кур атты,
Асемге миндиң сур атты.
Апкелер күнүм бар бекен,
Айтылуу сулуу Зыйнатты.
Адырга чыккан жекенди,
Ал жекен түбү бекемби?
Ашыгым Зыйнат деп жүрүп,
Арманда өтүп кетемби:
Чоң Каракол, Четинди,
Чотумдун мизи кетилди.
Чоюлуп барып бир өпсөм,
Чоктон бир кызыл бетиңди.
Кең Каракол, Четинди,
Керкимдин мизи кетилди.
Керилип барып бир өпсөм,
Кебезден аппак бетиңди, – деген обондуу ыры азыр элдик ыр катары ырдалып, бирде Абдырахмандыкы делсе, бирде дагы башкага ыйгарылып жүрөт.
А тарых чындыгы таптакыр башкача. Ырда аталган жер-суу аттары Каракол менен Четинди – Талас өрөөнүнүн баш жагындагы керемет жайлоолор. А Акзыйнаттын өз аты Нуска. Ал Бөлөкбай болуштун кызы экен. Ырдын жаралыш тарыхы мындай. Аманкушчу (уруунун аты) Мендеке бай небереси Оморго кыржы (уруунун аты) Бөлөкбай болуштун кызы Нусканы бешикте кезинде кудалашып койгон болот. Багына жазылганы ошол болгон соң, Нуска Оморго турмушка чыгат, бирок эки жаштын мунасасы келишпей, бат эле ажырашып кетет. Нускага кыз кезинде эле көзү түшүп калган Үмөталы ырчынын бул мезгилде үйлөнүп, бир кыздуу болуп калган убагы экен. Нуска атасынын үйүнө башын ачып ажырашып келген соң, акындын мурдагы сезими кайра тутанат. Мурда «кайын журту бар» деп, салтты сактап, ыйбаа кылып, аруу сезимин ачыкка чыгарбай жүрсө, эми ичтегиси оргуштап кайнап сыртка чыгат. Ортодогу жылуу сезимден “Акзыйнат” ыры, обону жаралып, акындын торгойдой таңшыган керемет “үнү менен коштолуп, обого учуп чыгып, эл-жерди аралап жөнөйт…”
Акындын “Акзыйнаттан” башка да арзуу лирикалык ырлары арбын.
Агар бир атпас таң болсо,
Алганың жанда бар болсо.
Атпаска таңдын эркиби,
Айтышса наркы-беркини.
Сүрөр бир сүрбөс таң болсо,
Сүйгөнүң жанда бар болсо.
Сүйбөскө таңдын эркиби,
Сүйлөшсө наркы-беркини.
Үмөталынын жан дүйнөнү аңтар-теңтер кылган лирикалык чыгармалары бизге азыраак санда келип жетсе да, келечекте изилденип, өзүнүн татыктуу баасын алат деген ойдобуз. Анын ырлары элдик “Күйгөн”, “Секетпайлардан” айырмаланып турганы менен да баалуу.
Үмөталынын бүркүт шаңшык аталганы үнү бийик болуп, 10-15 чакырымга шашпай угулчу экен. Бир жылы сабатар (уруунун аты) Үтүрөкөй той бермек болуп, “Үмөталысыз тойдун шаа-ниси болобу!?” деп казактарга, Мерке тарапка кеткен ырчыны атайы чабарман жиберип алдырат. Үмөталылар келе жатып, Көк-Кыянын кырына чыкканда (казак-кыргыздын чек арасы), Үтүрөкөйдү тою менен куттуктап ырдаганда, Шумкар-Уянын тескей бетинде отурган Үтүрөкөйдүн айлына шашпай угулган экен (аралыгы 10-15 чакырым).
Даңазалуу композитор Түгөлбай Казаков өспүрүм кезинде ылдыйкы кошуна айылга барып, аксакалдардын: “Силердин айылда той болгонун Үмөталынын ырдаганынан улам билебиз. Анын үнүн укканда аты барлар аты менен, жөөлөр жөө жөнөшөр эле. Айылга калгандар ишибизди токтотуп, анын ырдаганын угуп калчубуз. Анын үнү силерге кандай так угулса, бизге да дал ошондой даана угулчу” деп тамшана айткандарын эскерип калат.
Бүркүт да тээ көк асмандан көзгө бир көрүнүп, бир көрүнбөй, нокот боло шаңшыганда үнү жерге угулат эмеспи. Анысы кандай, Үмөталынын үнү да өзгөчө үн болгон деп айтууга болот. Ал эми анын үнү кандай үн болгонун тиешелүү адистер айтышаар.
Үмөталынын үнү бийик, ары уккулуктуу, мукам болгондуктан өзү менен замандаш ырчыларга салыштырмалуу үйлөнүү үлпөттөрүндө, бешик тойлорунда көбүрөөк ырдаган экен, негедир эл арасынан чыккан аттуу-баштууларды кошуп ырдаганга да Үмөталыны чакырышыптыр. Чоң-чоң аш-тойлордо да жарчылыктын эки чылбыр, бир тизгини Үмөталыга тийгени даңаза айтылат.
Акындар поэзиясынын тарыхын карап отуруп, аш-тойлордо, үйлөнүү үлпөт, бешик тойлордо Үмөталыга окшоп жарчылык милдет аткарган ырчылар чанда болгонун байкайсыз. Үмөталы ырчы – бешик ырынан кошокко чейинки каада-салт ырларынын бардык жанрында сабалатып ырдаган жападан жалгыз ырчы десек да жаңылышпайбыз.
Мунун дагы бир себеби, атасы Эсенаман эл аралап, чоң аш-тойлордо ырдагандыктан, Үмөталы ырчылык жолу бешик тойлордон, кыз узатуу, келин алуу тойлорунан башталган.
Балка-балка эмизип,
Бал буламык жегизип.
Арчадан бешик жасатып,
Аксакалга куйрук ашатып,
Ата-эне берген бешик той, – деген өңдүү бешик ырлары,
Кыз арытып, жол тартып,
Кош өлөңүн бек тартып.
Куюшканын узартып,
Көмөлдүрүктү кыскартып.
Сулуу кызга көз артып,
Суктана турган сөз айтып,
Кыз көрөлү деп келдик.
Кыз жандаган келинди,
Түз көрөлү деп келдик.
Ала жай жайлоо кыдырып,
Күз келели деп келдик.
Тон тоздуруп, тоону ашып,
Токсон күлүк чарчатып.
Бактыга кандай болот деп,
Төлгөлөп чүкө калчатып.
Тон бычтырып жигитке,
Өз боюна чактатып,
Суусардан бөрк кынаттык.
Колундагы камчысы,
Көргөн жанга бир аттык.
Баланчада кыз бар деп,
Уламадан улаттык.
Ушак-айың сөзү жок,
Улуулардан сураттык.
Ушул жерде кыз бар деп,
Укканда буудан чубаттык.
Оңко мурун, кара көз,
Кыз сүйсө жары бул болот.
Махабаты жарашса,
Бири-бирине кул болот.
Төрүндөгү жагданда,
Алтын дилде пул болот.
Эгер бийкеч куп десе,
Эрке жар деген шул болот.
Апкелиңиз бийкечти,
Кең отуруп сүйлөшсүн.
Келер-кетер сөздү айтып,
Бек отуруп сыр чечсин.
Сыртынан сынап отурбай,
Байкайлы жөнүн бийкечтин – деген салттык ырлар Үмөталы ырчы аркылуу бизге келип жетти.
Ырды окуп жатып, ырдын көркөмдүгүнө, ырчынын тилинин жатыктыгына бир тамшансаң, ата-бабалардын эки жаштын келечеги үчүн кам көргөн керемет салтына бир тамшанбай кое албайсың.
Үмөталынын чыгармачылыгын жарчылык өнөрүсүз элестетүү эч мүмкүн эмес. Мында бир белгилеп койчу нерсе, ал канча жолу аш-тойдун жарчысы болбосун, бир ырдаган ырын экинчи кайталаган эмес.
Анын жар чакырган ырларынан Жангороз датканын, сан каралуу Саза байдын, Бурдушанын, Медетбек уулу Кошойдун, Турду акенин ашындагы, Үтүрөкөйдүн тоюндагы ырлары бизге келип жетти.
Бул ырлар этнографиялык жактан баалуулугу менен да кайталангыс. Биз акындын жар чакырган ырларын окуп отуруп, каада-салттарыбыз кандай болгондугу, аш-тойлор кандай өткөндүгү тууралуу маалымат алабыз.
Турду акенин ашында жар чакырган ырынан мисал келтирели:
Ага-тууган калайык,
Сөзгө кулай салалык.
Аш маанисин силерге,
Тактап айтып калалык.
Тамаша бүрсүгүнү башталат,
Токтогул, Сасман башкарат.
Шайланышкан мырзалар,
Бир-бирден жорго ат алат.
Чыр-чатагын жок кылып,
Тартип менен алпарат.
Алардын айткан буйругун,
Он эки киши аткарат.
Илгертен бери келаткан,
Оюн-шооктор сакталды.
Бериле турган байгелер,
Сандары да такталды.
Бүгүн келген меймандар,
Эс алууга баргыла.
Бериш-алыш нерсени,
Бирден санап айткыла.
Жетелеп келген мал-салды,
Көгөнгө байлап салгыла.
Куран окуп эскерип,
Каада-салтты кылгыла.
Эми кийинкисин айтайын,
Айтып берип кайтайын.
Азыраак сабыр кылгыла,
Бир-бирден эми баштайын.
Биринчи болуп тамаша,
Жөө күрөштөн башталат.
Жөө балбандык күрөшкө,
Экиден издеп тапкыла.
Аркан тартыш жеңмейге,
Ага да балбан тапкыла.
Жөө күрөштө балбандар,
Торой чалып алгандар.
Жамбашка салып көтөрүп,
Оңкосунан салгандар.
Айры төштүн үстүнө,
Алчайып басып калгандар.
Эми байгесин айтып берейин,
Аркан тартыш, күрөшкө,
Он беш байтал, үч айгыр.
Жетелеп жүрүп сен кайгыр.
Кушу менен төөсү бар,
Жетелеп жүрчү дөөсү бар.
Мына ушул байгеси,
Ошо күнү бүтүп ташталат.
Жорго салыш, оодарыш,
Наркы күнү башталат.
Жоон билек, жолборс төш,
Оодарышка салалык.
Ар бир кармаш өткөндө,
Билеги калсын кабарып.
Эңкейип жалды кармабай,
Тике тартып жыксынчы.
Аттын мойнун кучактап,
Аңтарылбай чыксынчы.
Андан кийин тамаша,
Ат жорго болот жанаша.
Оңду-солду камчы уруп,
Мараны көздөй талаша.
Экөөнө тең бипбирдей,
Азбы-көппү дебестен,
Тогуздап мал коюлат.
Төртүнчү күнү болгондо,
Түшкө чейин эр сайыш.
Анан,
Тай-кунан чабыш башталат.
Буга түшкөн балбандар,
Ээрге найза салгандар.
Саярда көзүн жумбастан,
Жалт карабай баргандар.
Жандан кечип, өз башын,
Канжыга байлап алгандар.
Ээрге бекип козголбос,
Эр жүрөктүү балбандар.
Туура эмес сайсаң найзаны,
Эл чабышаар жаңжал бар.
Эр сайышып жыкканга,
Эрди ыргыта сайды деп,
Эл кулагы укканга,
Эки өркөчтүү төө нары бар.
Эки жүз дилде пулу бар.
Отуз жылкы дагы бар,
Эки жүздөй кой менен,
Ала турганы дагы бар.
Ошо күнү түш обо,
Кунан чабыш башталат.
Он эки байтал коюлган,
Байгесин алып ээлери,
Бири-бирине мактанат.
Айланайын туугандар,
Бириң калбай угуп ал.
Бешинчи күнү болгондо,
Аш аяктап толгондо,
Аламан байге башталат.
Чабылчы атты санаса,
Жүзгө жакын болуптур.
Коногуна жөнөтүп,
Алыс айдап ташталат.
Марага келсе күлүктөр,
Ашып келсе байге алат.
Алыстан келген саяпкер,
Күлүгүң таптап жолго сал.
Чыкканы болсо күлүгүң,
Күтүп туруп байгеңди ал.
Отуз атка байге бар,
Баш байгеси дагы бар.
Калтар, суусар, сүлөөсүн,
Аны алгандын багы бар.
Бере турган байгеге,
Алтын, күмүш дагы бар.
Он беш жылкы, жүз койду,
Биринчи чыккан ат алат.
Он жылкы менен элүү кой,
Экинчи чыккан ат алат.
Беш жылкы менен отуз кой,
Үчүнчү чыккан ат алат.
Калгандары келет көз жайнап,
Бир жылкы менен беш койго,
Ошого да бел байлап.
Акыркы күнү болгондо,
Эт, майга курсак тойгондо.
Таң агарып чачырап,
Үй-үйгө кетүү башталат.
Үмөталы айтыш өнөрүнүн да кайталангыс чебери болгон. Бурдушанын ашында Токтогул менен Эшмамбет бир тарап, Үмөталы бир тарап болуп айтышып, анда башка айтыштардан айырмаланып, элдин суранычы менен кыргыздын санжырасын таратып ырдашкан экен. Өкүнүчтүүсү бул айтыш жазылып алынган эмес. Эгер өз убагында жазылып алынганда, айтыш өнөрүнүн дагы бир бийиктигин көрсөткөн руханий мурасыбызга айланып калбас беле.
Ал төгүп эле ырдабастан, дас-тан айткан, кол ойнотуп комуз күүлөрүн черткен, обондуу ырлардын чебери болгон. Ырчылардын баары эле төрт аягы төп келген жорго боло бербейт. Бири жамгырдай сабалатып төккөн менен, комуз күүлөрүнө келгенде аксайт, же узатып дастан айта албайт, же обондуу ырлардан аксайт. Ушул өңүттөн алганда, ал төрт аягы төп жорголугу менен да өзгөчөлөнөт.
Үнү да бүркүттүн үнүндөй шаңшып алыска угулуп, торгойдун үнүндөй мукам болгону да акындын артыкчылыгы. Акындын бир кемчилиги – ал чындыкты, акыйкат кепти жаап-жашырбастан, тарс эттирип, бетке чаап айтып, эч жалтанган эмес. А чындык өтө ачуу болгондуктан, дайыма эле баарына жага бербейт. Ошондон улам, тилинин азабын далай тарткан. Анын шар мүнөзү, өктөмдүгү, артка кайтпаган мүнөзү көп жерден аны аксатып койгон.
Акындын күрөшкө, карама-каршылыктарга жык өмүрү күтүүсүз аяктаган. Таластын ичиндеги эле аш-тойлордун бирине барып келип эле, эртеси үзүлүп кете берген. Сөөгү атасы Эсенамандын жанына коюлган. Артында эки кыз калган.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”


