Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров “Кыргызалтын” ишканасынын алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнүнө барды

Садыр Жапаров “Кыргызалтын” ишканасынын алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнүнө барды

0
547

Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун өлчөнгөн алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнүнө барды.

Мамлекет башчысына дүкөндүн расмий ачылышы үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында болгондугу жөнүндө маалымат берилди. Алтын куймаларын сатуунун көлөмү 50 миллион сомду түзсө, компаниянын таза кирешеси 3 миллион сомду түздү.

Азыркы учурда өлчөнгөн куймаларды бардык каалоочулар, анын ичинде башка мамлекеттердин жарандары фирмалык дүкөндөн сатып ала алышат.

Садыр Жапаров “Кыргызалтын” ААКнын продукциясын сатып алууда эч кандай чектөө болбошу керектигин, анткени өлкөдө өндүрүлгөн алтын акыры эл аралык биржаларда сатылып, анда баалар фирмалык дүкөндөн төмөн болушу мүмкүн экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаровдун алтынга салынган инвестициянын кирешелүүлүгү тууралуу суроосуна “Кыргызалтын” ААК Башкармалыгынын Төрагасы Кубат Абдраимов эки жыл мурун бир килограмм алтын сатып алгандар азыркы базар баасын эске алганда, бүгүн 34 миң АКШ доллар киреше менен сата аларын билдирди.

Президент Садыр Жапаров атамекендик алтын куймаларын сатып алуу каражат салуунун ишенимдүү жана кирешелүү жолу экенин белгилеп өттү. Ал өлкөнүн колунда бар, бай жарандарын аманаттарын алтынга салууга үндөдү, анткени анын наркы жыл сайын өсүп жатат.

Алтын куймаларды шейшембиден ишемби күндөрүнө чейин төмөнкү дарек боюнча сатып алууга болот: Бишкек ш. Абдумомунов көч., 195.

Мурунку макалаНурланбек Шакиев иш сапары менен Тажикстанга жөнөп кетти
Кийинки макалаЖол акысы көтөрүлбөйт, накталай төлөмдү жогорулатуу гана сунушталат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз