Башкы бетке Министрлер кабинети Жети адамдын өмүрүн алган авто кырсык катталды

Жети адамдын өмүрүн алган авто кырсык катталды

0
494

Күн мурун болжол менен саат 15:20 чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында беш унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыкка катуу бара жаткан “Субару Аутбэк” үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгү жарылып кеткендиги себеп болгон.

“Субару-Аутбэк”, 2 “Мерседес-Бенц спринтер”, “Тойота-Камри” жана “Тойота-Вокси” үлгүсүндөгү 5 авто унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Аталган унаа батыштан чыгышты көздөй бара жатып, алдыңкы сол дөңгөлөгү жарылып, каршы тилкеге чыгып, “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Ошондой эле “Мерседес-Бенц спринтер” “Тойота-Камри” жана “Тойота-Вокси” үлгүсүңдөгү унаалар жол кырсыгына учураган.

Кырсыктан 7 адам көз жумуп, 6 жаран ар кандай жаракаттарды алган.

Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мурунку макалаЫсык-Көл облусунун аймагында сел жүрүшү мүмкүн
Кийинки макалаАкылбек Жапаров «Ынтымак Ордодо» биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз