Башкы бетке Саясат Кыргызстан менен Чехия экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр

Кыргызстан менен Чехия экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр

0
400

Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Чехиянын Кыргызстандагы элчиси Павел Шепеляк менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолушууда Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги каралды.

Тараптар кызматташтыктын негизги багыттарына көңүл буруп, конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн жана өз ара макулдашылган чечимдерди кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Соңунда маектештер достук жана өз ара сый мамилеге негизделген эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнү улантууга, өлкөлөр ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө даярдыгын ырасташты.

Мурунку макалаТамыры терең байланыштар: “Манас” университети “Ата-Бейитте” эскерүү иш-чарасын өткөрдү
Кийинки макалаПарламент 9 мектептин курулушун камсыздаган мыйзам долбоорун II окууда кабыл алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз