Башкы бетке Рубрикасы жок Тамыры терең байланыштар: «Манас» университети «Ата-Бейитте» эскерүү иш-чарасын өткөрдү

Тамыры терең байланыштар: «Манас» университети «Ата-Бейитте» эскерүү иш-чарасын өткөрдү

0
397

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата 12-ноябрда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде эскерүү иш-чарасын уюштурду.

Уюштурулган эскерүү иш-чарасы сезимтал жана көркөм атмосферада өткөрүлдү.
Катышуучулар “Ата-Бейит” эстелигин көздөй кыргыз жана түрк желектери,
репрессия курмандыктарынын сүрөттөрү жана тарыхый аң-сезимге басым жасаган транспаранттардын коштоосунда басышты.

“Тамыры терең байланыштар — келечегибиздин кепилдиги”

Бул маанилүү жүрүш кыргыз-түрк боордоштугун жана достугун көрсөтүү менен гана чектелбей, ошол эле учурда эки өлкөнүн орток баалуулуктарына карата байланыштарын бекемдеди.

Жөө жүрүштөн кийин 1938-жылдагы репрессия курмандыктарынын жана Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүлчамбарлар коюлду. “Манас” университетинин үй-бүлөсү куран окуп, курман болгон баатырларыбызды урматтоо менен эскерди.

Мурунку макалаБишкекте №8 троллейбустун ордуна автобус каттай баштады
Кийинки макалаКыргызстан менен Чехия экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз