
Түштүк Кореяда жүргүнчү учагынын кыйрашынан улам бир жумалык аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу Чой Санг Мок билдирди. Аза күтүү 4-январдын түн жарымына чейин уланат.
«Новая газета Europe» маалымдагандай, түштүк кореялык бийлик кырсыкка учураган «Боингдин» бортундагы 179 адам каза болгону тастыктады. Аман калган эки экипаж мүчөсү жаракат алып ооруканага жаткырылды.
Белгилей кетсек, кырсык 29-декабрда эртең менен болгон. Jeju Air Boeing 737-800 учагы Бангкоктон Муанга учуп бара жаткан. Конуу учурунда учак учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, тосмону сүзгөн. Ал бир нече бөлүккө бөлүнүп, күйүп кеткен.

