Башкы бетке Дүйнө Трамп мыйзамсыз мигранттарга АКШнын Мексика менен чектешкен жеринен өтүүгө тыюу салды

Трамп мыйзамсыз мигранттарга АКШнын Мексика менен чектешкен жеринен өтүүгө тыюу салды

0
18

АКШнын президенти Дональд Трамп мыйзамсыз мигранттардын түштүк чек арасы аркылуу өтүшүн токтотуу жана аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча буйрукка кол койгонун Ак үй билдиргенин дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

Дональд Трамп ошондой эле түштүк чек арасы аркылуу өлкөгө кирген мигранттардын башпаанек суроо шылтоосу менен ал жакта калуу укугун чектеди.

Ал Улуттук коопсуздук департаментине, Юстиция министрлигине жана Мамлекеттик департаментке түштүктөн АКШга кирген мыйзамсыз иммигранттарды чыгаруу боюнча чара көрүүнү тапшырды.

Буга чейин Дональд Трамп мыйзамсыз мигранттардын киришин токтотуп, аларды экстрадициялоо процессин баштоону убада кылган. 21-январда ал АКШнын түштүк чек арасында өзгөчө кырдаалды жарыялаган.

Мурунку макалаЖеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болду
Кийинки макалаАвтоинспекторду сүйрөп кеткен автоунаа табылды (видео)

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз