Башкы бетке Рубрикасы жок Жаңыл ЖУСУПЖАН: «Менин жашоом эки Ак-Тоонун ортосунда өтөт»

Жаңыл ЖУСУПЖАН: «Менин жашоом эки Ак-Тоонун ортосунда өтөт»

0
2080

(Башталышы өткөн санда)

Бул жолу каарманыбыз Жаңыл ЖУСУПЖАН жан дүйнөсүндөгү ой толгоолор, атактуу комузчу Нурак Абдрахманов тууралуу кызык кеп салып берди.

«Ак-Тоолор ортосундагы турмуш»

Журналистиканы таштап кино жаатына өткөнүмө быйыл 10 жыл болуптур. Ошондо деле мен Кыргызстан, кыргыздар темасына көп кайрылып келе жатам. Бул багытта былтыр Алматыда, Бишкек, Ош, Тбилиси, Амстердам, быйыл эле Италия, Тайвандда болуптурмун.

Биздин кытайлык кыргыздар жашаган Ала-Тоонун аркы бети Ак-Тоо деп аталат. Ак-Тоо кургакчыл келип, Ысык-Көлдүн кумундай апапак келет. Бир үйүбүз Бишкекте, бир үйүбүз Италия, Швеция жана Франциянын ортосундагы Алп тоолорунун этегинде. Алпы тоосунун эң бийик чокусу Монблан деп аталат. Монбландын кыргызча мааниси да – Ак-Тоо. Ошондуктан мен жашоом эки Ак-Тоонун ортосунда өтөт деп кээде табышмактата айтсам түшүнбөй баштары катат. Мындайча айтканда, Европа дагы, Азия дагы менин мекеним. Гумилёвдун убагында көп айтылгандай өзүмдү евразиялыкмын деп эсептейм.

“Жоготкон планетамды Памирден таап алдым”

Ар бир улут өзүнчө планета. Анын эшиги адатта жабык болот. Ачык турса да кире албайсың, себеби ал эшик оңой менен башкаларга көрүнбөйт. Албетте, акча төлөп аны ачса болот, бирок жүрөктөр ачылбай кала берет. Ал жерде башка улуттун өкүлү өз ордун табыш үчүн элдин тилин гана билбестен, каадасын, салт-санаасын да билиши керек болот. Болбосо сууда калкыган ич майдай сыртта кала бересиң. Мисалы, мага “Рахмат дегенди билбейсиң, адамдын көзүн карап сүйлөбөйсүң” деп айтышкан күндөр болгон. Мындайды бөтөн адам эч качан айтпайт, ылым санаган адам гана айтышы мүмкүн. Ошентип үйрөнөсүң, үйрөнбөсөң жалаң орус чалыштардын “геттосунда” кала бересиң. Муну мен биздин дипломаттардан байкагам. Тил билбегендиктен алар отуруштарда орус, беларустарды гана айланчыктап жүрүшөт. Азыр дагы жакшы, жаштарыбыз бир нече тил билишет.

Анын сыңарындай биздин өлкө да биринчи келгендерге бөлөк планета. Бирок биздин жүрөгүбүз кенен. Ушунча кенендигинен келгиндерди тажатып да жиберебиз. Бул тууралуу китептер да жазылган. Эшигин бекитип алып үй ээлери “чай ич” деп эшигин каккылай берген. Эми биз ыраңына көбүрөөк карайбыз. Бул жагынан расист европага окшошпуз. Мисалы, пакистандыктар анча жакпайт бизге эмнегедир. Бирок мен адамдын адамгерчилигине карап мамиле кылганды үйрөндүм. Ушу го башкы жетишкендигим. Адамдын сырты жалтырак, ичи калтырак болушу мүмкүн дейбиз го. Мага адамдын ички жалтырагы кызык. Жарыктык апабыз “Жаман адам менен өмүр сүргөнчө жакшы адам менен бир саат болгонуң өйдө” деп айтчу эле. Бирок, бизде бир артыкчылык бар. Тоо эли сыйчыл, илбериңки болот. Улууну сыйлап, кичүүгө ызаат мамиле жасайт. Башка элдер менен мамиле түзүү үчүн ушундай мүнөз жетиштүү. Андай адамга бардык жерде, бардык элде эшиктер өзү эле ачылат. Кичине кезимден ойлонуп сүйлөгөн, оор басырыктуу, жылуу сөзүн аябаган, токтоо, бирок жароокер атбашылык урук-туугандардын таасиринде чоңойгом. Кийин ошол планетаны жоготуп алган элем, Памирге барып кайра таап алдым. Ошон үчүн өкүнбөйм, азыркы адамдар андай-мындай деп наалыбайм. Биз өзгөрсөк да тоолуктар өзгөргөн жок. Таянаар тообуз, суусасак ичээр таза булак ошол жакта. Ошого да Кудайга шүгүр.

“Нурак Абдрахмановдун “Аппак сүйүүсү” Прагада жаралган”

Журналистикада жүрүп башымдан өтө көп кызык окуялар өттү. Өзүм уюштуруп, өзүм чагылдырган бир окуя эстен кетпейт. 2000-жылы Прага Европанын маданий борбору деп жарыяланат.  Бул шаарда элдик музыканын борбору саналган “Акрополис” театры бар эле. “Бул жерден капкайдагы чет өлкөлүктөр кетпейт” деп фашист жаштары тишин кайраган жер. Мен комузумду көтөрүп алып “Акрополистин” ошол кездеги көркөм директору Жири Смрчектин (Jiri Smrcek) үстүнө кирдим. Толмочунан келген, мен курактуу киши экен. Комуздан “Чайкаманы” ойноп берип, “өрдөк жокто чулдук бий” болуп атам. Анан “Нурак Абдрахманов деген чоң комузчу бар, Бакыт Чытырбаев деген агам кыякчы, чакырсаңар өкүнбөйсүңөр” дей салдым. Анан эле Кудай бербеспи, экөөнү Бишкектен алдыртышып Злата Холусева (Zlata Holusеva) “Nurak & Bakyt”  деген компакт диск чыгартты. Нурак байке биздин үйдө балкондо отуруп алып “Аппак сүйүү» деген ыр чыгарды. Аны чехтер студияда жаздырып, мен “Азаттыктан” чыгарсам хит болуп кетти. Кийин Бишкектен бир банктын жетекчиси чалып “Ушул ырды жаздырып бергилечи” деп сураныптыр. Кийин ал ырды белгилүү ырчы кызыбыз Юлия Руцкая сонун кылып ырдап чыкпадыбы.

Кызыгы, ошол кезде Нурак агай мен жасаган тамакка алымсынбай курсагын сыйпалап, “Куйрук майга көнгөн кишинин ашказаны курулдап калат экен” деп кабагын бүркөп калды. Андайда адамдардын курсагын, шартын караганга да жетише албай калат экенсиң. Анан “Азаттыктын” имаратында Нурак агай, Бакыт катышкан концерт уюштурдум. Эл топурап келип, бир түркмөн коллегам “Ушунча убара болуп жатыпсың, диск чыгарганыңа тыйын жагынан каралашайын” дейт. Күлүп “Буларды Прага шаары коноктоп, сыйлап жатат” дедим. Айткандай эле чехтер ошондо Нурак байке менен Бакыттын ар бирине 1500 доллардан карматып, ондогон дисктерин берип жылуу маанайда  узатышты.

Кийин Нурак байкенин Парижге барганын радиодон чыгардым. Кызмат ордуман кыянаттык менен пайдаланган болбоюн деп кыякчы агам Бакыт туурасында ооз учунан атын атамыш  болом.

Ошол кезде эсте калганы концерт уюштурган америкалык антрополог Тед Левиндер бизди Париждеги Мококко ресторанына чакырды. Кускус деген таруу, койдун этинен жасалган тамагын жеп отурсак эле курсагы жылаңач кыз бийлеп кирди. Ал келип эле Нурак байке отурган үстөлгө чыгып, агайды тигилип эле бийлеп атат. Нурак байке кебелип койбой аны карап отурганы азыр да көз алдымда. Жарыктык киши 66 жашында эле өтүп кетпедиби.

(Уландысы бар)

Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”

Мурунку макала«ЖРТ 2002-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат»
Кийинки макалаЫсык-Көлдөн кайык, скутерлерди тазалайлы

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз