Башкы бетке Коом Башкы прокурор БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын өкүлү менен укук тартибин бекемдөөнү...

Башкы прокурор БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын өкүлү менен укук тартибин бекемдөөнү талкуулады

0
404

Башкы прокурор Максат Асаналиев БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Афганистан, Борбор Азия, Иран жана Пакистан боюнча аймактык өкүлү Оливер Штольпе менен жолугушту.

Прокуратурадан билдиришкендей, жолугушууда мындан аркы кызматташуунун негизги маселелери жана аймактагы укук тартибин бекемдөө жолдору талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар бир катар ишке ашырылган долбоорлор боюнча ийгиликтүү өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана укук тартибин камсыздоону жогорулатууга багытталган жаңы демилгелерди илгерилетүүдө БУУ БКБнын колдоосунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коопсуздук жана укуктук тартиптин жалпы максаттарына жетүү үчүн кызматташууну улантуу жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөө зарыл экендигин билдиришти.

Мурунку макалаБишкекте КМШнын билим берүү жаатындагы кызматташтык кеңешинин жыйыны өтүп жатат
Кийинки макалаПрезидент Газадагы согушту токтотуу үчүн “Эки мамлекет” идеясын колдоону сунуштады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз