Башкы бетке Рубрикасы жок Азия өнүктүрүү банкы билим берүү тармагын реформалоого $40 млн. берет

Азия өнүктүрүү банкы билим берүү тармагын реформалоого $40 млн. берет

0
1007

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Белгиленген макулдашуулар мектептин жана жогорку билим берүүнүн деңгээлинде илимге, технологияга, инженерияга жана математикага өзгөчө басым жасоо менен бардык предметтерди окутууну жакшыртууга багытталган.

Макулдашуулар менен КР өкмөтүнүн 2021-2040-жылдарга Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү программасын санариптик окутуу жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүк, ар бир окуучунун билимин жана компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо, педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, педагогикалык кадрлардын потенциалын өнүктүрүү, мектепти профилдештирүү бөлүгүндө, анын ичинде математикалык, табигый-илимий, технологиялык билим берүү жааттарында ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн финансылык каражат бөлүп берүү каралат.

Аталган макулдашуулардын алкагында Кыргызстанга 40 000 000 (кырк миллион) АКШ доллары өлчөмүндө (20 миллион доллары – гранттык негизде жана 20 миллион доллары – кредиттик негизде) финансылык жардам көрсөтүлөт.

Мурунку макалаОш шаарына Өзбекстандан 200 тонна гумжардам келди
Кийинки макалаПрезидент селден жабыркагандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөөрүн билдирди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз