Башкы бетке Коом Бишкектин башкы планын япониялык компания иштеп чыгат

Бишкектин башкы планын япониялык компания иштеп чыгат

0
537

Япониянын Nikken Sekkei архитектуралык компаниясынын адистери Бишкек шаарынын башкы планын талдоо боюнча ишти улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев жана анын биринчи орун басары Азирет Акимовдун жетекчилиги астында «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын жыйындар залында Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча онлайн талкуу уланды.

Жыйынга ишкананын бөлүм башчылары да активдүү катышып, өз ой-пикирлерин айтышып, ар бири өз алдынча оңдоолорду киргизишти. Негизги басым шаардын транспорт системасына бурулду. Активдүү иштер улантылат.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар куруу жана архитектура жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Япониянын атактуу «Nikken Sekkei Ltd» компаниясынын президенти Рюичи Кизуми кол койгон.

Мурунку макалаАбанын температурасы жогорулап, сел жүрүшү мүмкүн
Кийинки макалаКыргызстанда балдардын сөөк чучугун алмаштыруу операциясы август айында жасалат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз