Башкы бетке Коом Орто-Сай базарынын соодагерлерине кассалык аппараттар бекер берилди

Орто-Сай базарынын соодагерлерине кассалык аппараттар бекер берилди

0
439

Бишкекте Орто-Сай базарынын соодагерлерине кассалык аппараттар бекер берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, соодагерлердин кассалык чектердин берилишин көзөмөлдөө максатында Октябрь администрациясы райондук салык кызматынын башкармалыгы менен биргеликте базарды текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкерлерге товарды сатууда сатып алуучунун талабына карабастан кассалык квитанция милдеттүү түрдө бериле тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, салыктын ставкалары жылдык кирешелерден 15 млн. сомго чейин 0%, 30 млн сомго чейин 0,5 пайыз жана 50 млн. сомго чейин 1 пайызды түзөт.

Ошентип, ККМ тарабынан берилген ар бир чек менен мамлекетке гана эмес, ак ниет салык төлөөчүлөргө да сезилерлик пайда болот.

Мурунку макалаБишкекте кыргыз-корея өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү
Кийинки макалаУКМК мурдагы депутат Салайдин Айдаровду кармады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз