Бүгүн Бишкекте экономикалык кызматташтык боюнча Кыргызстан менен Кореянын өкмөттөр аралык комиссиясынын 6-жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Экономика министри Данияр Амангелдиев Корея Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин билдирди.
«Бүгүнкү күндө биз эки өлкөнүн экономикасын жаңылоонун жана өзгөртүүнүн жолунда турабыз, алар экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын, инфраструктураны өнүктүрүүнүн, интеграциянын, инновацияларды жана санариптик технологияларды жайылтуунун, ошондой эле биздин кызматташтык үчүн жаңы өсүү багыттарын издөөнүн артыкчылыктарынын үстүндө биргелешип иштөө үчүн жагымдуу шарттарды түзөт», — деди Амангелдиев өз сөзүндө.
Министр Кореянын алдыңкы тажрыйбасына таянуу менен өзгөчө санариптештирүү жана инновациялар чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө санариптештирүү, авиация, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында тараптардын кызматташуусунун перспективалары белгиленди.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча тараптар активдүү кызматташууну улантууну макулдашып, президент Садыр Жапаровдун Кореяга боло турган сапарына сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.


