Башкы бетке Рубрикасы жок Токмокто баасы 920 млн. сом болгон бала бакча мамлекетке кайтарылды

Токмокто баасы 920 млн. сом болгон бала бакча мамлекетке кайтарылды

0
498

Чүйдүн Токмок шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган бала бакча Токмок шаарында «Манап бий көчөсү 236» дарегинде жайгашкан. Ал 1996-жылы мыйзамсыз жол менен жеке колго өтүп кеткен. Бирок ал учурда социалдык объекттерди жеке менчикке берүүгө тыюу салуу бар болгон. Аны менен бирге ал бала бакча максатсыз пайдаланылып келген.

Эми аталган бала бакча мамлекетке кайтарылып, Токмоктун мэриясына өткөрүлүп берилди. Анын аянты 1 миң 575 чарчы метрди түзөт. Ал эми жеринин аянты 6 миң 900,5 чарчы метрге жетет.

УКМК аталган бала бакчанын баасы 920 млн сомго жетерин билдирди.

Мурунку макала“Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол коюлду
Кийинки макалаБишкекте «Баш-Карасуу» суу алгычында 5 скважина ишке киргизилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз