Башкы бетке Министрлер кабинети Бишкекте Тез жардамдын дарыгери сабалып, ооруканага түштү

Бишкекте Тез жардамдын дарыгери сабалып, ооруканага түштү

0
1277

Бишкекте Тез жардамдын дарыгери сабалып, ооруканага түштү.

Тез жардам кызматына 30-июнда баланын ичи ооруп жатат деген чалуу түшкөн. Педиатриялык бригада айтылган дарекке барып, бейтапты көргөн соң ооруканага жаткыруунун зарылдыгы жок экенин айткан.

Баланын энеси буга макул болбой, ооруканага алып барууну талап кылып, дарыгерге кол салганын Тез жардам борборунун башчысы Егор Борисов билдирди.

“Педиатр Улуттук госпиталга мээси чайкалып, гематома менен жаткырылды. Дарыгер кош бойлуу”, — деп билдирди Борисов.

Милиция тергөөгө чейинки иликтөө иштерин баштап, экспертизаларды дайындады.

Мурунку макалаЭрбол Султанбаев Беларустун финансы министри Юрий Селиверстов менен жолугушту
Кийинки макалаС.Чокморов атындагы №10 кесиптик лицей – бедели күчтүү окуу жай

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз