Башкы бетке Коом Бишкекте бүгүндөн тарта №227 автобус каттай баштады

Бишкекте бүгүндөн тарта №227 автобус каттай баштады

0
1461

Бишкекте бүгүн, 15-майдан тарта №227 автобус каттай баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамда кичи автобус иштеп келген.

Автобус “Ак-Ордо” конушунан жана Көк-Жар конушуна чейин каттайт. Бул линияда 20 автобус, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.

«Коомдук транспорттун кыймылын “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөй аласыз. Алардын ар бири GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган», — деп айтылат.

Белгилей кетсек, бара-бара бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Мурунку макалаФинансы министрлиги: 4 айда Ош облусуна 382,8 млн. сом бөлүндү
Кийинки макалаБишкекте С.Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри расмий жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз