Башкы бетке Коом Финансы министрлиги: 4 айда Ош облусуна 382,8 млн. сом бөлүндү

Финансы министрлиги: 4 айда Ош облусуна 382,8 млн. сом бөлүндү

0
1482

2024-жылдын 4 айында республикалык бюджеттин эсебинен Ош облусу боюнча жалпы бюджеттер аралык трансферттер 285,4 млн. сом өлчөмүндө каржыланды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • теңдөөчү трансферт – 251,8 млн. сом;
  • айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 18,0 млн. сом;
  • электр энергияга болгон 50% компенсациясына – 15,6 млн. сом;

Мындан тышкары, Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен 97,4 млн. сом бөлүнүп берилди.

Ошентип, 4 ай аралыгында Ош облусуна жалпы 382,8 млн. сом бөлүнгөн.

Мурунку макалаНурланбек Шакиев Австрияга расмий сапар менен жөнөп кетти
Кийинки макалаБишкекте бүгүндөн тарта №227 автобус каттай баштады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз