Башкы бетке Коом Бүгүн Бишкекте бош орундардын жана кесиптердин чоң жарманкеси өтөт

Бүгүн Бишкекте бош орундардын жана кесиптердин чоң жарманкеси өтөт

0
396

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманкеге 100дөн ашык ишкана катышып, алар учурдагы бош орундарды сунуштап, иш берүүчүлөр менен түз байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Анда 4 миңге жакын бош орундар көрсөтүлүп, 30дан ашык окуу жайлары борбор калаанын тургундарына жана конокторуна квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген билим берүү программаларын тартуулашат.

Жарманкенин алкагында ар бир адам өзүнүн күчтүү жактарын аныктоого жана ылайыктуу кесипти тандоого жардам бере турган кесипке багыт берүү тесттеринен өтө алат.

Иш-чара саат 11.00дө башталып, жумуш издеген же кесип тандоону пландаган ар бир адамга пайдалуу болот.

 

Мурунку макалаСадыр Жапаров Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен жолугушту
Кийинки макалаСадыр Жапаров Италиянын Министрлер кеңешинин төрайымы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз