Башкы бетке Рубрикасы жок Ошто райондук милиция бөлүмдөрүнө заманбап техникалар берилди

Ошто райондук милиция бөлүмдөрүнө заманбап техникалар берилди

0
456

Бүгүн Ош облусунун ички иштер башкармалыгына караган түзүмдөрдө Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана 1-сентябрь — Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга карата саптык кароо өткөрүлдү.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, ага райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилиги, ардагерлер, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү жана башка мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Анда Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен алынган заманбап планшеттер жана видеокөзөмөл камералары тапшырылды.

Аны менен катар калкыбыздын коопсуздугун камсыздоого жигердүү салым кошкон жарандар жана мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Аймактык тескөөчүлөр жашоочулар жөнүндө маалыматтарды аталган планшеттерге киргизишип, борбордук базага улаштырышат. Ал жерден зарыл болгон маалыматтарды ыкчам түрдө алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми видоекөзөмөл камералары коомдук жайларга орнотулат.

Мурунку макалаМамлекеттик пенсиялык топтомо фондунун жаңы имараты ачылды
Кийинки макалаДүйнөлүк банк Кыргызстандыктардын социалдык абалы жакшырганын билдирди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз