Башкы бетке Рубрикасы жок Мария МУКАМБЕТОВА: “Биздин ҮМБ жана анын филиалдары толук санариптештирилди”

Мария МУКАМБЕТОВА: “Биздин ҮМБ жана анын филиалдары толук санариптештирилди”

0
450

Жекеби же мамлекеттикпи айтор, кайсыл мекеме болбосун анын жетекчисинин иш билгилигине жана жамаатынын аракетине жараша өнүгөт. Муну баса белгилегенибиз, Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк медициналык борборун  Мария МУКАМБЕТОВА жетектегени борбор имаратынын ичи, сырты оңолуп, бир топ жакшы өзгөрүүлөр болду. Эки жылга жакын убакытта аталган мекемеде бейтаптарга ыңгайлуу шарттар түзүлүп, шаардын башка аймактарындагы бул мекемеге караштуу ФАП, ҮДТлардын абалы да кыйла жакшырды. Мунун өзү дайыма талыкпай изденген, иштин көзүн билген жетекчинин кандай кадр экенин көрсөтүп турат. Ушундай себептен улам биз Мария айымды иш бөлмөсүндө кепке тарттык. 

– Мария Турдукеевна, сиз жетектеген бул мекемеде учурда канча кызматкер эмгектенет?

– Биздин №3 ҮМБда учурда жалпы 297 кызматкер эмгектенет. Анын ичинен 100ү дарыгерлер, 135и медайымдар жана башка кызматкерлер.

– Сиз жетектеген №3 ҮМБ Бишкек шаарынын кайсыл аймагынын калкына, кандай медициналык кызматтарды көрсөтөт?

Кире беришиндеги бейтаптарды каттоо пункту

–  Биздин борбор тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи май районунун калкына алгачкы медициналык-санитардык жардамдар көрсөтүлөт. Мындан сырткары, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде  №3 ҮМБнын курамына Маевка, Озёрное айылдарынын ҮДТлары жана Лесхоз айылынын ФАПы киргизилген. Андыктан Биринчи май районунун аймагындагы ФАП, ҮДТлардын баары биздин көзөмөлүбүздө.

– Азыр заман талабына жараша медициналык мекемелер жаңы жабдыктар, медициналык техникалар менен камсыз болуп жатат. Сиздерде бул жагынан кандай жетишкендиктер бар?

Заманбап УЗИ аппараты

–  Ооба, азыр медицина тармагыбыз кыйла оңолуп калды. Андай жаңылануулардан биз да куру калган жокпуз. Алсак, 2023-жылы бизге жаңы санарип рентген коюлду. 2024-жылы болсо Кореянын “Койка” эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен жаңы ультра добуштуу аппарат жана флюорографиялык аппарат сатылып алынды. Азыр бул жабдыктар толук кандуу иштеп, элге кызмат кылып жатат.

– Коомчулукта мамлекеттик медициналык мекемелер сапаттуу тейлебейт, кезек күтүүлөр көп, медициналык персоналдардын кабыл алуусу орой деген сын пикир бар. Сиздерде бул жагы кандай колго алынган?

– Калкты тейлөө жагын айта турган болсок, бүгүнкү күндө №3 ҮМБсы жана анын бардык филиалдары санариптештирилип, электрондук амбулатордук карта менен иш жүргүзүп жатат. Кабылдамадан баштап эмгекке жарамсыздык баракчасы, ILAB лабораториясынын аныктамалары, медициналык-социалдык экспертиза, өлүм тууралуу баракча, иммунизациялоо, калкты каттоо системасы электрондук түрдө жүргүзүлөт. Ал эми кезек күтүүлөр боюнча айта кетсем, ар бир бейтап өз алдынча, телефон аркылуу же мекемеге келүү менен электрондук кезекке тура алышат. Башка жаңы конуштардан, аймактардан келгендердин айрымдары билбестик менен талону жок кезекке туруп алышып, нааразы болгон учурлар да жок эмес. Бирок, биздин түшүндүрүү иштерибиздин аркасы менен карапайым эл акырындык менен электрондук системага көнүп, өздөрү талон алып калышты. Ал эми орой мамиле тууралуу айтсак, кээ бир учурларда бейтаптар медициналык кызматкерлерге агрессивдүү мамиле кылган учурлар да кездешет. Ошентсе да биз медициналык персоналдарыбызды дайыма сабырдуу болууга үндөп келебиз.

– Бул мекеменин коридорунда орусча, кыргызча макал-лакаптар, Манастын жети осуяты илиниптир. Бул сиздин элдин аң-сезимин өстүрүү максатыңыз болсо керек?

– Ооба, бул илинип турган макал-лакаптарды, Манас бабабыздын жети осуятын бир чети элдин аң-сезимин өстүрүү үчүн, экинчиден, бул жерде иштеген бизден кийинки муун да аны биле жүрсүн деген максатта илдирдим.

– Өткөн жылы бул мекемеде бир топ оңдоо иштери жүргүзүлдү. Каражатты сырттан тарттыңыздарбы же мамлекет каржыладыбы?

– Ооба, былтыр №3 ҮМБда көп оңдоо иштери бүткөрүлдү. Кире бериштеги, биринчи, экинчи кабатка көтөрүлүүчү тепкичтер кайра жаңыртылып, майыптарга арабасы менен кирип чыгууга ыңгайлуу шарт түзүлдү. Бейтаптарды кабыл алуучу жаңы кабылдама ачылып, борбордун кире беришине “Эламан” дарыканасы ачылды. Бул оңдоо иштерине өзүбүз каражат таптык. “Эламан” дарыканабызда дары-дармектердин баасы башка дарыканалардыкына салыштырмалуу 10-20 пайызга арзан.

– Телегейи тегиз деген мекемеде да бир көйгөй болот эмеспи. Сиздерде эң орчундуу көйгөй кайсылар?

– Аныңыз туура. Биздеги негизги көйгөй – дарыгерлердин, медайымдардын жетишсиздиги.

– Дарыгер, эне, жетекчи, жаран катары эмнеге кубанып, эмнеге көп түйшөлөсүз?

– Дарыгер, эне, жетекчи, катардагы жаран катары жаратканыма миң мертебе шүгүр кылам. Эң башкысы энелик бакыт, сүйүктүү ишим, мага дайыма дем, күч-кубат берип турган эң кымбат кесиптештерим бар. Ошого кубанам. Кыргызстаныма, кыргыз калкыма тынчтык, ынтымак, биримдик, бакубат жашоо каалайм. Ар дайым асманыбыз ачык, жерибизде тынчтык, аманчылык орношуна тилектешмин.

– Алдыда дагы кандай иш-план­дарыңыз бар?

– Алдыга койгон дагы бир топ жакшы иш-пландар бар. Аманчылык болсо аларды ишке ашырууга аракет кылам.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”  

Мурунку макалаКушубек КАЧИБЕКОВ: «Ыбырайым ата эрдиги же улуу «Үркүн» баяны»
Кийинки макалаСадыр Жапаров Ош облусунда жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылын ачты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз