Башкы бетке Рубрикасы жок Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кытайга келип кетүүгө чакырды

Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кытайга келип кетүүгө чакырды

0
206

Кыргызстандын президентин туулган күнү менен куттуктаган Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кытайга келип кетүүгө чакырды.

Си Цзиньпин кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берерин айтып, Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстан менен түзүлгөн жакшы мамилелерди жана жеке достукту жогору баалаганын баса белгилеп, келерки жылы эки тарапка тең ыңгайлуу убакта Кытайга келип кетүүгө чакырган.

“Үстүбүздөгү жылдын июль айында Шанхай кызматташтык уюмунун Астана саммитинде биз кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча жолугушуу өткөрдүк жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаңы доордогу багыттарын аныктоо менен жогорку сапаттуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча макулдашууга жетиштик”, – деп айтылат Кытайдын төрагасынын билдирүүсүндө.

Мурунку макалаСадыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кийинки макалаШакыйым кармабасын десең…

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз