Башкы бетке Коом Турак жайга муктаж жарандарга ипотекалык үйлөр курулууда

Турак жайга муктаж жарандарга ипотекалык үйлөр курулууда

0
404

Кыргызстанда турак жайга муктаж жарандарга ипотекалык үйлөр курулууда. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев «Фейсбуктагы» түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, дүйшөмбү күндөн тартып Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайты жаңыланат. Ошол жактан ипотекалык үй алуу үчүн толук маалыматтар берилет. Анда ипотекалык программалардын бардыгы көрсөтүлөт.

«Учурда ипотекалык үй алам дегендерден эч кандай документтер талап кылынбайт. Сайттын шилтемесинде көрсөтүлгөн маалыматтарга жооп берип, кезекке турса болот. МИКтин бир дагы кызматкери тааныш-билиштик кылып, кезегин жылдыра албайт. Азыр бардык жарандарга бирдей шарт түзүлгөн», — деди ал.

Ошондой эле Туманбаев президенттин тапшырмасы менен кыргызстандыктар 2030-жылга чейин турак жай менен камсыз кылынарын белгиледи.

Мурунку макалаСадыр Жапаров БРИКС саммитине катышуу үчүн “Казань Экспого” барды
Кийинки макалаБишкек мэри социалдык объекттерди текшерди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз