Башкы бетке Рубрикасы жок Энергетика министри Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты менен жолукту

Энергетика министри Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты менен жолукту

0
503

Бүгүн энергетика министри иш сапарынын жүрүшүндө Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы парламенттик достук тобунун төрагасынын орун басары Эндо Тосиаки менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын ноябрь айында Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын өлкө башчысы менен болгон сүйлөшүүлөрүн ишке ашыруу, Кыргызстандын энергетикалык потенциалы, учурдагы ири долбоорлор, долбоорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу тууралуу сүйлөштү.

Жолушуунун жыйынтыгында  Эндо Тосиаки Кыргызстандын президентине, министрлер кабинетине Япония тараптан жөнөтүлгөн катты кабыл алгандыгына жана эки өлкөнүн кызматташуусун тереңдетүү максатында энергетика министри Таалайбек Ибраевди жибергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Министрдин ар бир сунушун кабыл алып, кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мурунку макалаКыргызстанга ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн парламент өкүлдөрү келишти
Кийинки макалаСадыр Жапаров Франциянын элчиси Николя Файды кабыл алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз