Башкы бетке Рубрикасы жок Малайзиянын премьер-министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Малайзиянын премьер-министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет

0
1601

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Бул сапар Малайзиянын премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт, биринчи барган өлкө – Кыргызстан болот. Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда.

Жолугушууларда Кыргызстан-Малайзия мамилелеринин бардык чөйрөсүн активдештирүү, атап айтканда, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө маселелер талкууланат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Мурунку макалаСалык төлөөчүлөр QR-коду аркылуу тейлөөнүн сапатын баалай алышат
Кийинки макалаМинистрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз