Башкы бетке Маданият Маданият министрлиги чоң иш-чараларды өткөрүү үчүн техникаларды сатып алды

Маданият министрлиги чоң иш-чараларды өткөрүү үчүн техникаларды сатып алды

0
504

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чоң иш-чараларды өткөрүү үчүн жаңы техникаларды сатып алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн техникаларды көрсөтүү учурунда министр Алтынбек Максүтов техникалардын жалпы баасы 350 млн. сомду түзөрүн белгиледи.

Бул каражатка төмөнкү техникалар алынды:

  • сахна жана коммуникациялык жабдуулар;
  • жарык берүүчү жабдуулар жана жарыкты иштетүүчү приборлор;
  • LED-экрандар;
  • үн жабдуулары.

“Кыргызмаданият сервис” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Ормушевдин айтымында, сатылып алынган фирмалык жабдуулар Кытай, Франция жана Германиядан алынып келинген.

Мурунку макалаКыргызстанда 16 миңден ашуун кошумча жумуш орундары түзүлдү
Кийинки макалаАкылбек Жапаров: “Бүгүнкү күндө өлкө калкы бизди колдойт”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз