Башкы бетке Министрлер кабинети Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

0
1277

Өзбекстандын аймагында 18-апрель саат 21:16да очогунда күчу 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргызстандын түштүгүндөгү Найман, Кочубаев айылдарында сезилип, күчү 3 баллды түзгөн. 

КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Өзбекстандын аймагында, тактап айтканда Найман айылынан түндүк-чыгышка карай 14 чакырым, Кочубаев айылынынан түндүк-батышка карай чакырым, Андижан шаарынан түштүк-батышка карай 27 чакырым жана Ош шаарынан батышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.

 

Мурунку макалаЖапаров менен Токаев эки өлкөнүн өнөр чеберлеринин концертине барышты
Кийинки макалаТроллейбуска контролерлор изделүүдө, айлыгы күнүнө 1,5 миң сом

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз