Башкы бетке Рубрикасы жок Жапаров менен Токаев эки өлкөнүн өнөр чеберлеринин концертине барышты

Жапаров менен Токаев эки өлкөнүн өнөр чеберлеринин концертине барышты

0
1476

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Казакстанстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 18-апрелде, Мамлекет башчысынын Казакстанга расмий сапарынын алкагында Астана шаарында өткөн эки өлкөнүн искусство чеберлеринин концертине барышты.

Жогорку деңгээлдеги меймандар үчүн концерттик программа тартууланып, анда Кыргызстан менен Казакстандын артисттери «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү окуп, хореографиялык жана музыкалык номерлерди аткарышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, казак артисттери кыргыз ырларын аткарып, ал эми кыргыз өнөрпоздору казак музыкалык репертуарын тартуулашты. Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы музыкалык каада-салттар менен алмашуу эки өлкөнүн музыканттарынын аткаруулары аркылуу өттү.

Мурунку макалаАстанада II Казак-Кыргыз жаштар форуму өтүүдө
Кийинки макалаКыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз