Башкы бетке Министрлер кабинети УКМК Көлбаевдин иши боюнча казакстандык ишкерге издөө жарыялады

УКМК Көлбаевдин иши боюнча казакстандык ишкерге издөө жарыялады

0
470

УКМК казак ишкери, Ысык-Көлдөгү «Симирам» эс алуу борборунун ээси Ясынжан Таировго издөө жарыялады. Казак ишкери Камчы Көлбаевдин «мыйзамдагы ууру» уюшкан кылмыштуу тобунун каржылап жүргөнү аныкталды.

Таиров Камчы Көлбаевдин опузалап акча алып жүргөнүн, соттолгонун билип туруп аны менен Кыргызстанда биргелешкен бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн байланыш түзгөн деп шектелүүдө.

УКМК билдиргендей, Таиров Көлбаевге 200 миң доллар берип, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө эс алуу үчүн «Симирам» эс алуу борборунан коттедж, номерлерди берип турган. Ошондой эле мыйзамдагы ууруга майрамдарда кымбат белектерди тартуулап келген.

Октябрь райондук соту Таировго сыртынан камакка алуу чечимин чыгарып, Интерпол линиясы боюнча издөө жарыяланган.

Мурунку макалаЫсык-Көлдө сел жүрдү
Кийинки макалаАсел АЙМАНОВА: “Англис тилин үйрөнүү – учур талабы”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз