Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

0
533

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Борбор Азия мамлекет башчылары менен Германиянын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына барды.

Президент Садыр Жапаровду Казакстан премьер-министринин орун басары – өкмөт аппаратынын жетекчиси Галымжан Койшыбаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эл аралык аэропортто ардак кароол тизилди.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мурунку макалаКыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кийинки макалаТокмокто бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз