Башкы бетке Коом “Манас” эл аралык аэропорту 6 айда 3 млрд. сомго чукул киреше тапкан

“Манас” эл аралык аэропорту 6 айда 3 млрд. сомго чукул киреше тапкан

0
489

Кыргызстандан АКШга жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул маселе АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен талкууланды. Жыл соңуна чейин аэропорттун иши менен таанышууга америкалык адистер келмей болду.

“АКШ элчилиги Бишкектен АКШнын ири шаарларынын ичинен Нью-Йоркко же Чикагого түз авикаттамдарды ачуу демилгебизди колдошту. Кыргызстандын авикомпаниялары Европа биримдигинин “кара тизмесинде” болгондуктан, биз америкалык авиакомпанияларды бул каттам боюнча кызмат көрсөтүп берүүсүн айттык. Алар аэропорттун иши менен танышууга жыл аягына чейин келишет”, – деди ал.

Андан сырткары, “Манас” эл аралык аэропорту 6 айда 3 млрд. сомго чукул таза киреше тапканын билдирди. Анын айтымында, жалпы киреше 5 млрд. 349 млн. сомду түзгөн.

“Жалпы кирешеден сырткары 2 млрд. 864 млн. сом таза киреше болду. 2022-жыл 5 млрд. сом, былтыркы жыл 6 млрд. сом киреше менен жабылган. Быйылкы жылды 7 млрд. сом менен жабууну пландап жатабыз”, – деди Самидинов.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров: “Акыркы үч жылда бюджеттеги каражаттар эки эсе көбөйдү”
Кийинки макалаА.Жапаров: “Кыргызстан 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши керек”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз