Башкы бетке Рубрикасы жок Базар-Коргон районунда жаңы оорукананын курулушу аяктап калды

Базар-Коргон районунда жаңы оорукананын курулушу аяктап калды

0
468

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы оорукананын курулушу дээрлик 95 пайызга бүткөрүлдү.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоор боюнча 2 кабаттуу имарат терапия жана төрөт бөлүмдөрү бар, №11, №12 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу поликлиникасы менен каралган. Имараттын жалпы аянты 2379 чарчы метрди түзөт.

Курулуш-монтаждоо иштери “Сантехмонтаж” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.

Мурунку макалаТилектеш Ишемкулов: «Кылым жашына келген “Кыргыз Туусуна” көңүл бурулушу керек»
Кийинки макалаБүгүн Бек-Абад көзөмөл өткөрүү бекети убактылуу жабылат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз