Башкы бетке Рубрикасы жок Н.Шакиев Бакудагы Ч.Айтматовдун эстелигине гүл койду

Н.Шакиев Бакудагы Ч.Айтматовдун эстелигине гүл койду

0
956

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация Азербайжандын борбор калаасы Баку шаарындагы улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюп, залкар калемгерди эскеришти.

Эки өлкө ортосундагы бир туугандыктын, достуктун жана биримдиктин символу катары Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн эстелик президент Садыр Жапаровдун Азербайжандагы мамлекеттик сапары учурунда ачылган. Ага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев да катышкан. Эки өлкө башчылары маданий байланыштардын маанилүүлүгүн белгилешип, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достукту чыңдоодо Чыңгыз Айтматовдун ролу чоң болгонун билдиришкен.

Алсак, Баку шаарынын борборундагы паркта жайгашкан эстелик азербайджан скульптору Натиг Алиев тарабынан жасалган.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев Азербайжанда расмий сапар менен жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар Саидбек Зулпуев, Чолпон Султанбекова, Нуржигит Кадырбеков, Уланбек Бакасов, Таалайбек Сарыбашов, Дастанбек Жумабеков, Кубанычбек Самаков, Мирлан Самыйкожо жана парламенттин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.

Мурунку макалаН.Шакиев Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту
Кийинки макалаАкылбек Жапаровдун Беларуска болгон иш сапары аяктады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз