Башкы бетке Коом Асел АЙМАНОВА: “Англис тилин үйрөнүү – учур талабы”

Асел АЙМАНОВА: “Англис тилин үйрөнүү – учур талабы”

0
397

Асел – Нарындын кызы. Анын көл жергесине келин болуп келгенине быйыл туура 10 жылдын жүзү болгон. Асел алгачкы жылдары жаңы үй-бүлөсүнө көнүп кетүүсү кыйын болгонун, бирок, өмүрлүк жары Нурбектин колдоосу, жакшы сөзү жана аяр мамилеси менен кайын-журтуна кантип батынып, кантип камыр-жумур болуп калганын сезбей калганын айтат. Ага чейин 2004-жылы БГУнун “Журналистика” факультетин аяктап, 10 жыл УТРКда эмгектенген. Бирок, тандоого келгенде үй-бүлєнү, аялдык бакытты жогору койгон. Тандоосунан адашпаган Асел учурда Барскоон айылында “Guest house Asel” деп аталган конок үйүн ачып, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтерди кабыл алып иштеп келүүдө. Аселдин айтымында, үйүнө Испания, Иран, Германия, Франция, Вьетнам, Гонконг ж.б. мамлекеттерден келишет.  

Ал эми Мекен Осмоналиев – Барскоон айылындагы эң белгилүү уста. Ал боз үй, комуз ж.б. жасайт. Анын колунан жаралган эмгектер сапаттуулугу жана өзгөчөлүгү менен айырмаланат. М. Осмоналиев (ырчы Жылдыз Осмоналиеванын агасы) жасаган боз үйлөрдүн көпчүлүгү чет мамлекеттерге сатылат. Ошондой эле, анын атагын алыстан уккан чет элдик туристтер аны менен сүрөткө түшүү үчүн атайын келишет. Мекен Осмоналиев тууралуу сөз баштаганыбыздын жөнү бар. Себеби, мына ошол кишинин устачылыгына кызыгып келген туристтер, биздин каарманыбыз Аселдин ишкерлигине жол ачып, чыйыр салып беришкен. Тагыраак айтканда, Мекен Осмоналиевге жолугуу үчүн келген чет элдиктер айылга конуп кетүү үчүн ыңгайлуу жай издешкенде, айылдаштары каарманыбыздын үйүнө алып барышкан. “Биздин үй кенен жана ыңгайлуу болгон үчүн алып келишкен окшойт. Ошентип, эң биринчи жолу 2018-жылы алгачкы кардарымды кабыл алыптырмын. Кийинчерээк, USAIDдин өкүлдөрү айылга окууларды жүргүзүү үчүн келип калды. Ал кишилерге да ыңгайлуу шарттары бар үй керек болуп, биздин үйгө келип калышты. Алардын ар тараптуу программалары менен таанышып, анча-мынча маалымат ала баштадым. Адамда токтоп калуу деген болбойт эмеспи. Ар дайым окуп, изденип, алдыга жылуу-га аракет кылбаса, артка кетет. Анын үстүнө мен ошол учурда жаңыдан төрөп, бала менен үйдө отургам. Жаңы нерселерди окуп, үйрөнүү мага абадай керек болуп турган эле. Ошентип, окуйм деп чечтим дагы, ички туризмди өнүктүрүү багытын тандап алдым. Анткени, ага чейин үйгө келип-кетип жүргөн чет элдик туристтерден улам менде конок үй ачуу, алар менен иштешүү боюнча идеялар келип жүргөн”, – деген Асел USAIDдин 3 айлык окуусун аяктаган. Бирок, башында анын чет элдиктер менен иштейм дегенин жакындарынын эч кимиси колдогон эмес.

“Бара-бара жолдошум, апам (кайненем) макул болушту. “Guest house Asel” деген ак-каунт менен конок үй ачтык. Бир күнү үйдө отурсак ойдо жок жерден туристтер келип калышты. Алар даректин гугл аркылуу таап келгенин айтканда, менин кубанганымды сураба. Териме батпай сүйүндүм. Иштесе болот экен деген ишеним жаралды. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ошондон бери эшик черткен туристтердин агымы токтой элек. Буюрса, мындан да көп болот деп ойлойбуз”, – деди.

Асел улагасын аттаган чет элдик конокторун меймандостугу, үйүнүн тазалыгы, ыңгайлуу шарттары менен гана тартпас-тан, даамдуу тамактары менен тартат. Анын айтымында, кардарларынын арасында даамдуу тамак жеп кетүү үчүн гана келгендери да болот. “Дүйнөнүн булуң-бурчун кыдырып жүргөн жолоочулар тез татымдан тажап, колдун, үйдүн тамагын сагынып калышат. Ошондуктан, биздин үйгө баш баккан ар бир чет элдикти даамдуу тамак, жылуу мамиле, жагымдуу маанай менен узатканга аракет кылам. Алар биздин беш бармакты анчейин көп жей беришпейт. Шорпо, самсы, лагман, манты ж.б.у.с. тамактарды жасап берем. Куурдакты аябай жакшы көрүп, тамшанып жешет. Камыр жууруп, нан, боорсок жасай калам. Эки күн же андан көп убакыт туруп калган туристтер, ашканага кирип жардам берели дешет. Андайда ар бир тамактын кандай жасалышын, эмне азыктарды кошуп жатканымды айтып берем. Манты, оромо кылып жаткан болсом, өздөрүнө түйдүрүп коем. Айрымдары ал үчүн да өзүнчө акча алышат экен. Бирок, мен акысыз эле көрсөтүп, түшүндүрүп берем. Ошондой эле, ар бир тамагымды нарымды салып жасаганга аракеттенем. Жактырып жешсе, ырахат алам. Кээде өзүмдү издеп жүрүп, эми гана тапкандай сезимде болом. Себеби, бала кезимден ашканага жакын элем. Тамактарды түрлөп жасаганды жакшы көрчүмүн. Азыр өзүмө жаккан жумушту аткаруу менен бирге киреше табуу, албетте, жагымдуу”, – дейт Асел.

Ошондой эле, өзү теңдүү кыз-келиндерди изденип, окуп, үйдөн иштеп киреше табууга чакырат. “Анткени, азыр мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Болгону убакытты, дараметти, телефонду туура багытта колдонуу керек”.

Каарманыбыздын пикиринде, көл калаасына туристтер көлгө түшүш үчүн эле келишпейт. “Аларга көлдөн башка да кооз жерлерибиз кызык. Мисалы, Барскоонго келгенде көлдөн мурун, Барскоон шаркыратмасына, капчыгайына, Гагариндин эстелик ташына ж.б. жерлерге алып барууну суранышат. Жолдошум жумушта болгон учурда, аларды айткан жерлерине өзүм алып барып келем. Ошондой эле, аларды этият болуусун суранам”, – деди ал.

А.Айманова учурда англис тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүүгө бел байлап, курс-тарды окуп жаткан учуру. “Анткени, англис тилин үйрөнүү замандын, келечектин талабы. Кыргыз, орус тилдеринен сырткары, кошумча тил билбесең, алыска бара албайт экенсиң. Бул нерсени азыр өзүмдүн өсүп келе жаткан уул-кыздарыма да айтып, түшүндүрүп жатам. Балдарым менен биргеликте тил үйрөнүп жатабыз. Алар мага караганда бат кабыл алышат экен (күлүп). Балдарым бош убактыларында меймандар менен убакыт өткөрүшөт, шахмат ойношот. Бул алардын келечегине сөзсүз оң таасирин тийгизерине ишенем”, – деди ал.

А. Айманова бул ишкерликти алдыга жылдыруу менен ички туризмди өнүктүрүүгө өз салымын кошо аларын айтат. “Быйыл да, былтыр да туристтердин агымы көп болгондуктан, келерки жылы буюрса, короонун ичиндеги ашыкча нерселерди жыйнап, эки кошумча боз үй тигели деп пландап жатабыз”, – дейт. Азыр алардын короосунда кышы-жайы менен 95 баш же, жети канат боз үй тигилүү. Анда уктоочу керебеттер жайгаштырылган. Себеби, көпчүлүк меймандар үйгө эмес, дал ошол боз үйгө уктоону жактырышат. Ошондой эле, чет элдиктер экологиялык жактан таза буюмдарга жана кол өнөр-чүлүккө абдан маани беришет. Барскоон айылынын борбордук көчөсүндө заманбап стилдеги мейманканалар бар. Бирок, өзгөчөлүктү каалаган туристтер дал ушул  “Guest house Asel” өңдүү конок үйлөргө келишет. Ал эми мындай конок үйлөр аталган айылда саналуу гана. Биринин шарты болбогондо, экинчисиникине жайгаштырып, ынтымакта иш алып барышат.

Анара Арзыбай кызы, “Кыргыз Туусу”

 

 

Мурунку макалаУКМК Көлбаевдин иши боюнча казакстандык ишкерге издөө жарыялады
Кийинки макалаСалык кызматы КНС боюнча отчеттун формасын жаңылады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз