Башкы бетке Рубрикасы жок Камчыбек Ташиев шайлоого бараткан ар бир талапкерди текшерүүнү тапшырды

Камчыбек Ташиев шайлоого бараткан ар бир талапкерди текшерүүнү тапшырды

0
463

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев шайлоого бараткан ар бир талапкерди текшерүүнү тапшырды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, бул тууралуу ал күн мурун Баткенде чек арачылар менен жолугушууда айтты. Анда Ташиев тиешелүү органдарды шайлоого бараткан ар бир талапкерди кылдат текшерүүнү, күмөндүүлөрдү тизмеден чыгарууну тапшырды.

«Биз мамлекетти акыйкаттуулук менен башкарышыбыз керек. Шайлоолорго мамлекеттик органдар кийлигишпеши керек. Мурдагыдай бирөө бирөөнүн эркине басым жасабайт. Биз депутаттар таза болсун, элге мамлекетке кызмат кылсын деп аракет кылып жатабыз», — деди ал өз сөзүндө.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров РПО РМТРге унаалардын ачкычын тапшырды
Кийинки макалаНурланбек Шакиев расмий сапар менен Түркмөнстанга барды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз