Башкы бетке Рубрикасы жок Нурланбек Шакиев расмий сапар менен Түркмөнстанга барды

Нурланбек Шакиев расмий сапар менен Түркмөнстанга барды

0
472

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кечээ, 13-октябрда расмий сапар менен Түркмөнстанга барды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Төраганы Ашхабад шаарындагы эл аралык аэропорттон Түркмөнстандын Межлисинин төрагасынын орун басары Гахрыман Розыев баштаган жетекчилер тосуп алды.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кореянын парламенттеринин жетекчилеринин II жолугушуусуна катышат.

Эскерте кетсек, 5+1 форматында уюштурулган мындай форум былтыр биринчи жолу Корея Республикасында өткөн.

Ашхабаддагы кезектеги жолугушуу расмий сапар менен уланып, Төрага бир катар жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда кыргыз-түркмөн кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланышкан маселелер талкууланып, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлер да каралары күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Данияр Төлөнов, Жанарбек Акаев, Русланбек Жакышов жана Жалолидин Нурбаев бар.

Мурунку макалаКамчыбек Ташиев шайлоого бараткан ар бир талапкерди текшерүүнү тапшырды
Кийинки макалаБир жумада 18 миң 276 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз