Башкы бетке Министрлер кабинети УКМК Бишкектин эки жол инспекторун кармады

УКМК Бишкектин эки жол инспекторун кармады

0
595

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын инспекторлору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билидиришти.

К.Н.К. жана Р.у.Т. аттуу инспекторлор жол эрежесин бузган жарандын автоунаасын айып короо жайына киргизбөө үчүн 27 миң сом берүүгө мажбурлашкан. Мындан тышкары ал жарандын 13 миң АКШ долларлык автоунаасын убактылуу пайдалануу үчүн мыйзамсыз алып коюшкан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 16-сентябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда инспекторлордун жумушчу кабинеттеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо фактысын тастыктаган буюмдар табылып алынган.

 

 

Мурунку макалаБишкек шаарындагы жол тыгындарын алдын алуу боюнча ыкчам кеңешме өттү
Кийинки макалаЛиванда пейджерлердин жарылуусунан 11 адам көз жумду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз