Башкы бетке Дүйнө Ливанда пейджерлердин жарылуусунан 11 адам көз жумду

Ливанда пейджерлердин жарылуусунан 11 адам көз жумду

0
1306

Ливанда 17-сентябрда бир учурда пейжерлердин жарылуусунан кеминде 11 киши каза болуп, 4 миң киши жараат алганын өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фирасс Абиад билдирди.

Негизинен Ливандык «Хезболла» жоочулар тобунун мүчөлөрүнүн смартфондору жарылган.

Министр Абиаддын айтымында, жараат алгандардын арасынан 200дөй кишинин абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат.

Ливандын мамлекеттик маалымат агенттиги жарылуу «Хезболланын» таянычы болгон борбор калаа Бейруттун түштүк райондорунда жана өлкөнүн башка да бир нече аймагында катталганын маалымдады.

Айрым ирандык басылмалар жараат алгандардын катарында Ирандын Ливандагы элчиси Можтаба Амани да бар экенин жазышты.

Жарылган пейжерлерди, Reuters агенттиги белгилегендей, «Хезболла» соңку айда импорттоп алып барган, баары жаңы моделдеги байланыш каражаты болчу.

 

 

Мурунку макалаУКМК Бишкектин эки жол инспекторун кармады
Кийинки макалаОшто стадиондун үстүн жабуу иштери жүрүүдө

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз