Башкы бетке Экономика Кыргызстанда сабиздин өндүрүшү эки эсе жогорулады

Кыргызстанда сабиздин өндүрүшү эки эсе жогорулады

0
562

Кыргызстанда сабиздин өндүрүшү акыркы төрт жылдын ичинде 30 миң тоннага чейин жогорулаган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан төрт жыл мурун сабиздин өндүрүшү 155 миң тоннаны түзсө, азыр анын көлөмү 185 миң тоннага чукулдап барат.

«Кыргызстанда өстүрүлгөн сабиз таза, органикалык жол менен өстүрүлгөн улам жана органикалык жер семирткичтер колдонулгандыгына байланыштуу анын экспорту да жылдан жылга көбөйүүдө. Эгерде 2019-жылы 17 миң тонна сабиз экспорттолсо, учурда анын көлөмү 30 миң тоннадан ашат», — деп айтылат маалыматта.

Мурунку макалаСадыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын вице-президентин кабыл алды
Кийинки макалаАйбек ДЖУНУШАЛИЕВ: “Бишкек шаары заман талабына жараша өнүгүү жолунда”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз