Башкы бетке Коом Элчи Султанов БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары менен жолугушту

Элчи Султанов БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары менен жолугушту

0
391

Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда келерки жылы жогорку комиссардын Кыргызстанга жасай турган иш сапарынын мазмуну талкууланды. Ушул өңүттө, Кыргызстан менен БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын учурдагы кызматташуусу боюнча пикир алмашуу болуп өттү.

Элчи Омар Султанов өлкөнүн БУУнун келишимдик органдары жана атайын процедуралары менен ачык диалогго жана өз ара аракеттенүүгө берилгендигин белгилеп, аларга өлкөгө келип кетүүгө дайыма чакырууга даяр экенин билдирди.

Мурунку макалаКыргызстандын улуттук экспозициясы Москвадагы көргөзмөгө катышууда
Кийинки макалаТолук эмес 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд. 77 млн. доллардан ашты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз