Башкы бетке Экономика Кыргызстан менен ЕРӨБ €150 млн. долбоорлор портфелин иштеп чыгат

Кыргызстан менен ЕРӨБ €150 млн. долбоорлор портфелин иштеп чыгат

0
392

Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 2025-жылга карата 150 млн евро суммасындагы долбоорлор портфелин иштеп чыгууну улантууну макулдашты. Бул тууралуу күн мурун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен ЕРӨБдүн башкаруучу директору Хусейн Озхандын жолугушуусунда белгилүү болду.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлор боюнча активдүү иштөөгө даярдыгын билдиришти.

Данияр Амангелдиев ЕРӨБгө Кыргызстандагы негизги долбоорлорду ишке ашырууда көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Хусейн Озханды ЕРӨБдүн башкаруучу директору болуп дайындалышы менен куттуктады.

Өз кезегинде Хусейн Озхан Кыргызстандагы жетишкендиктерге жогору баа берип, ЕРӨБдүн кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын тастыктады

Мурунку макалаПрезидент: «Сабак учурун ата-эне түгүл, керек болсо министр дагы токтотууга укугу жок»
Кийинки макалаНурланбек Шакиев КМШ ПААнын жыйынына катышуу үчүн Россияга жөнөп кетти

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз