Башкы бетке Рубрикасы жок Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын жыйынына катышуу үчүн Россияга жөнөп кетти

Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын жыйынына катышуу үчүн Россияга жөнөп кетти

0
309

Бүгүн төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Россиянын Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Иш сапардын алкагында төрага КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин отурумуна жана 57-пленардык жыйынына катышат.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Талайбек Масабиров, Чыңгыз Ажибаев, Арсланбек Малиев, Сеидбек Атамбаев, Кубанычбек Самаков, ошондой эле президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов бар.

Мурунку макалаКыргызстан менен ЕРӨБ €150 млн. долбоорлор портфелин иштеп чыгат
Кийинки макалаМурдагы депутат Эмил Жамгырчиев УКМКга суракка чакырылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз