Башкы бетке Рубрикасы жок Президент: “Сабак учурун ата-эне түгүл, керек болсо министр дагы токтотууга укугу жок”

Президент: “Сабак учурун ата-эне түгүл, керек болсо министр дагы токтотууга укугу жок”

0
373

Президент Садыр Жапаров бүгүн “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясында “Жылдын мыкты мугалими” жана “ Жылдын мыкты тарбиячысы” сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземиндеги куттуктоо сөзүндө окуучунун апасы ыйлаткан мугалимдин окуясына токтолду. 

“Ушул жерден жакында эле болуп өткөн кейиштүү окуяга токтоло кетейин. Бир окуучунун апасы мектеп мугалимин “баламды урушасың” деп тилдеген жагдайды көрүп, абдан капа болдум. Мен билгенден сабак маалын – 45 мүнөттүк сабак учурун ата-эне түгүл, ошол мектептин директору эле эмес, керек болсо министр дагы барып токтотууга укугу жок. Ал эми жогорудагы жосунсуз жорукта 45 мүнөт сабак токтогону аз келгенсип, “мугалим” деген улук аттын кадыр-баркы тебеленип, ошол жерде мугалим болсом деген канча окуучунун ой-кыялы талкаланды. Мындай түркөйлүккө мектепте да, бала бакчада да, керек болсо коомчулуктун кайсыл жеринде болбосун жол бербешибиз керек. Биз мугалим менен тарбиячыны ушундай салтанаттуу иш-чараларда эле эмес, иш жүзүндө коргоп, колдоп, көтөрүп алышыбыз кажет. Тамга таанытып, көзүбүздү ачып, ушул деңгээлге жеткирген мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыз бир эле мектеп менен бала бакчаларда эмес, кайсы жерде болбосун, бийик сый-урматка татыктуу болушун камсыз кылышыбыз шарт!” – деди өлкө башчысы Садыр Жапаров.

Мурунку макалаПрезидент “Жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы” сынактарынын жеңүүчүлөрүн сыйлады
Кийинки макалаКыргызстан менен ЕРӨБ €150 млн. долбоорлор портфелин иштеп чыгат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз