Башкы бетке Рубрикасы жок Темир жол куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү

Темир жол куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү

0
430

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү.

МинКабдан билдиришкендей, отурумда КР Министрлер Кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жол компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коому биргелешкен долбоордук компаниясынын ортосундагы инвестициялык макулдашуу каралды.

Ведомстволор аралык комиссия – Кыргызстандын темир жолдор тармагын өнүктүрүү жана темир жол транспортунун транзиттик потенциалын ишке ашыруу, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

Жыйын соңунда тиешелүү министрликтерге, комитет, административдик ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик ишканаларга жана уюмдарга тапшырмалар берилип, ведомстволор аралык комиссиянын иш процессинде пайда болгон маселелерди өз убагында сапаттуу чечүү жүктөлдү.

Мурунку макалаКурулуш компанияга 200 миң сом айып салынды
Кийинки макала“Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл” монеталары жүгүртүүгө чыгарылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз