Башкы бетке Коом Ош шаарына Өзбекстандан 200 тонна гумжардам келди

Ош шаарына Өзбекстандан 200 тонна гумжардам келди

0
1104

Ош шаарына Өзбекстандын Андижан облусунан селден жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Гумантирдык жардамды Андижан облусунун губернатору Шоятбек Абдрахманов алып келип, аны “Достук” чек ара бекетинен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты.

Селден жабыркаган жарандарга келген гуманитардык жардам 13 жүк ташуучу унаа менен жеткирилди. Жалпы 200 тонналык гуманитардык жардам курулуш материалдар, кийим-кечек, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүктөрдөн турат.

Шоятбек Абдурахманов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Жаңы-Маала көчөсүнүн тургундарына барып, суудан жабыркаган 17 үйдү көрүп чыкты.

Мурунку макалаМолдогазиев Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти менен жолугушту
Кийинки макалаАзия өнүктүрүү банкы билим берүү тармагын реформалоого $40 млн. берет

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз