Башкы бетке Коом Meta компаниясы Кыргызстанга 69,1 млн. сом КНС төлөдү

Meta компаниясы Кыргызстанга 69,1 млн. сом КНС төлөдү

0
1606

2024-жылдын I кварталында чет элдик компаниялар Кыргызстандагы көрсөтүлгөн электрондук кызматтарга 188,9 миллион сом кошумча нарк салыгын төлөшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинен эң көп салык төлөгөн компаниялар:

  • Meta – 69,1 млн. сом,
  • iHerb – 46,7 млн. сом,
  • Google – 32,2 млн. сом,
  • Apple – 19,1 млн. сом,
  • Amazon – 12,6 млн. сом.

Салык кызматы 2023-жылы бул салыктын түрү боюнча 438,1 млн. сом чогултту.

Учурда салык кызматынын vat.salyk.kg сервисинде 57 чет элдик компаниялар катталган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын колдонуучуларына электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдар үчүн «Google салыгы» киргизилген.

КНСтин ставкасы көрсөтүлгөн кызматтардын суммасынын 12%ын түзөт.

Мурунку макалаУКМК «жер мафиясынын» уюштуруучуларын кармады
Кийинки макалаБонецкий лабораториясына 423 млн. сом айып салынды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз