Башкы бетке Коом Бишкек мэриясы жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизди

Бишкек мэриясы жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизди

0
1268

Жүк ташуучу автоунаалар 5-апрелден 1-октябрга чейин саат 7:00дөн 21:00гө чейин калаанын көчөлөрүндө жүрүүгө тыюу салынат. Бул 18 тоннадан ашык жүк ташууга ылайыкталган унааларга тиешелүү.

Эрежеге баш ийбеген айдоочуларга 17,5 миң сом айып салынат, юридикалык тараптар 55 миң сом төлөйт.

Чектөө төмөнкү унааларга колдонулбайт:
гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташыгандарга; жол куруу, оңдоо иштерине тартылгандарга; муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташып бара жаткандарга.

Мэрия мындай чара жолдордун сапатын сактоо үчүн кабыл алынганын белгиледи.

Мурунку макалаКөзү ачыктардын кызматын жарнамалоого тыюу салынабы?
Кийинки макалаБаткенде туристтер үчүн панорама курулат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз