Башкы бетке Рубрикасы жок Турдакун Сыдыков ЭКУга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ кеңешинин отурумуна катышты

Турдакун Сыдыков ЭКУга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ кеңешинин отурумуна катышты

0
156

 Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков Мешхед шаарында өткөн уюмга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-отурумуна катышты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Турдакун Сыдыков өз сөзүндө ЭКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелердин потенциалын натыйдалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи.

ЭКУ мейкиндигиндеги транзиттик-транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун ролун белгилеп, Кыргызстандын деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкө катары ЭКУнун башка мүчө мамлекеттери менен биргеликте «Чыгыш-Батыш» жана «Түндүк-Түштүк» транспорттук коридорлорун өнүктүрүү боюнча ишке катышып жатканын, ошондой эле Борбор Азиянын эл аралык соода-инвестициялык, транспорттук-логистикалык жана транзиттик потенциалынын өсүшүнө өбөлгө түзүүчү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун стратегиялык долбоорун андан ары ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын делегациясынын башчысы ЭКУ аймагында энергетикалык коопсуздукту камсыздоонун маанилүүлүгүн, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун, CASA-1000 эл аралык долбоорунун алкагында энергетикалык инфраструктура объекттеринин курулушун аяктагандыгын, ошондой эле Баку шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын (СОР-29) 29-конференциясынын талааларында Кыргызстан тарабынан «ЭКУнун таза энергия борборунун» уставына кол коюлгандыгын белгиледи.

 

 

Мурунку макала«Мейкин» сыйлыгын тапшыруу аземи 17-декабрда өтөт
Кийинки макала«Кыргызкөмүр» ишканасынын түштүк филиалынын мурдагы башчысын кармалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз